Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы ТОКТОМ №2/4 2024-жылдын 11-декабрь

Үч-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ №2/4

            2024-жылдын  11-декабрь                                                        Үч-Коргон айылы

2025-жылда райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган объекттерге Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. 2025-жылда райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган, тиркемеде көрсөтүлгөн төмөнкү объекттерге Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.  №1 Тиркеме тиркелет

 

  1. Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                    Б.Бердибеков


 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин 11.12.2024-жылдагы кезектеги II сессиясынын №2/4 токтомуна

№1 тиркеме

 

Долбоордун аталышы Долбоордун жалпы суммасы (сом) Мамлекеттен каржылоо Айыл өкмөтүнүн өздүк салымы Каржы булагы
1.       Үч-Коргон –Чаувай автожолун тротуар салуу менен жакшыртуу. Тегирмеч айылы 4 483 682 3 362 762 1 120 920 Райондук Түрткү берүүчү грант
2.       Суухана участкасында Джалсай дарыясынан айылды аралап өтүүчү жол көпүрөсүн оңдоо 1 133 440 850 080 283 360 Райондук Түрткү берүүчү грант
3.       “Үч-Коргон” муниципалдык кеңсесин оңдоо, суу алгычты тазалоо жана тосмо орнотуу 4 923 963 3 692 973 1 230 990 Райондук Түрткү берүүчү грант

 

 

Жооптуу катчы:                                                                     Д.Ахунова

Жооп калтыруу