Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында балдарга жана жаштарга сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы «NOVA BILIM ACADEMY» окуу борбору өз ишин баштады! 🎓✨
Жаңы билим берүү борборунда окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга, жөндөмүн өнүктүрүүгө жана келечектеги максаттарына жетүүсүнө багытталган бир катар окуу курстары уюштурулган.
📌 Окуу борборунда төмөнкү багыттар боюнча сабактар өткөрүлөт:
🔹 Англис тили
🔹 IELTS
🔹 Орус тили
🔹 ОРТга даярдоо
🔹 Математика
🔹 Химия
🔹 Биология
🔹 IT
🔹 Араб тили
🔹 1–4-класстын окуучулары үчүн кошумча сабактар
🔹 Мектепке даярдоо
🔹 Медициналык курстар
🔹 SMM жана башка багыттар.
Мындан тышкары, окуучулар үчүн тажрыйбалуу мугалимдер, жекече мамиле жана заманбап окутуу ыкмалары каралган.
🌟 Жаңы билим — жаңы мүмкүнчүлүк!
Жаш муундун сапаттуу билим алуусуна шарт түзгөн мындай демилгелер айыл аймагыбыздын билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Үч-Коргон айыл өкмөтү «NOVA BILIM ACADEMY» окуу борборуна ийгилик каалап, жаштарыбыздын билимге болгон кызыгуусун арттырган мыкты борборлордун бири болушуна тилектештик билдирет! 🤝📖




