🌸 ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЧАУВАЙ АЙЫЛЫНДА 3 СААТТЫК БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ
Үч-Коргон айыл өкмөтүнө караштуу Чаувай айылында балдардын келечегине багытталган дагы бир маанилүү социалдык объект өз эшигин ачты. Айылда 3 сааттык бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Бул демилге айылдагы мектепке чейинки курактагы балдардын билим алуусуна, тарбияланышына жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жакшы шарт түзүп, ата-энелер үчүн да чоң колдоо болору шексиз.
Бала бакчанын ишке киришине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көрсөтүлгөн каржылык колдоо жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн кошкон салымы чоң өбөлгө болду. Натыйжада балдар үчүн ыңгайлуу, жылуу жана жагымдуу шарт түзүлүп, айыл тургундарынын көптөн берки тилеги ишке ашты.
Ачылыш аземинде Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Айтматов Мирлан Мусаевич, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндөгү окуу-усулкаана башчысы Кожонова Айзада Абдуллаевна, Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Насиров Абдижамил Жусупович жана мекеме ишкана жетекчилери катышышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөндөр балдардын татыктуу билим жана тарбия алуусу — коомдун келечегине кошулган эң маанилүү инвестиция экендигин белгилеп, жаңы бала бакчанын ишине ийгиликтерди каалашты.
Балдардын күлкүсү — айылдын көркү, алардын жаркын келечеги — баарыбыздын жалпы максатыбыз!
Жаңы бала бакчанын босогосу берекелүү болуп, бөбөктөрдүн шаттуу күлкүсү жаңырып турсун! 🌿
Үч-Коргон айыл өкмөтү балдардын келечеги үчүн багытталган социалдык долбоорлорду колдоону жана ишке ашырууну мындан ары да улантат.



















