Үч-Коргон айыл өкмөтүбүздө чоң кубаныч: Үч эм дүйнөгө келди!

🌟 Үч-Коргон айыл өкмөтүбүздө чоң кубаныч: Үч эм дүйнөгө келди!
Биздин айыл өкмөтүбүздө өзгөчө жагымдуу жана берекелүү жаңылык!
2026-жылдын 21-августунда Үч-Коргон айылынын Фозиловдор үй-бүлөсүндө үч эм ( эки кыз, бир уул ) аман-эсен дүйнөгө келип, айылыбыздын калкын чоң кубанычка бөлөдү.
Жаңы үй-бүлөлүк бакыт менен куттуктоо жана наристелердин абалынан кабар алуу максатында, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айылдык кеңештин депутаты жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте барып кабар алышты.
Ал жерде наристелердин ата-энесине жылуу каалоо-тилектер айтылып, айыл өкмөтү тарабынан белектер тапшырылды. Ошондой эле бул наристелердин аман-эсен төрөлүшүнө чоң салым кошкон акушер-гинеколог врачына да айыл өкмөтү тарабынан сыйлыктар ыйгарылды.
“Ар бир бала — мамлекетибиздин келечеги, ал эми бир учурда үч эмдин төрөлүшү — айылыбыз үчүн чоң сыймык жана Кудайдын берген өзгөчө берекеси.
Биз наристелерге бекем ден соолук, узун өмүр жана кең келечек каалайбыз! Ата-энесинин сыймыктанган уул-кыздарынан болуп, өлкөбүзгө керектүү инсандардан болуп чоңоюшсун!

Жооп калтыруу