КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮНҮН 35 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН!!!

🇰🇬 ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 35 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН!!!
Үч-Коргон айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата салтанаттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Эгемендүүлүк — элибиздин эркиндигин, мамлекеттүүлүгүн, биримдигин жана жаркын келечекке болгон ишенимин айгинелеген ыйык баалуулук.
Майрамдык иш-чарага айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт аймагындагы мекеме ишканалар, айыл тургундары жана жаштар катышып, өлкөбүздүн эркиндигин даңазалаган салтанаттуу маанайда белгиленди.
Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланып, мекенчилдикти даңазалаган ыр-бийлер, көркөм номерлер, көл өнөрчүлүк жана улуттук тамак аштардын көргөзмөсү көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Мындан сырткары, сергек жашоо образын жайылтуу жана жаштар арасында ынтымак-достукту бекемдөө максатында спорттук оюндар жана мелдештер уюштурулуп, катышуучулар өздөрүнүн күчүн, шамдагайлыгын жана спорттук чеберчилигин көрсөтүштү.
Майрамдык иш-чара улуттук баалуулуктарды даңазалаган, мекенчилдик сезимди арттырган жана элдин биримдигин бекемдеген өзгөчө маанайда өттү.
Эгемен Кыргызстаныбыздын келечеги кең, элибиздин ынтымагы бекем болсун!
🇰🇬 Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы кут болсун!
Кыргызстаныбыз түбөлүккө эгемендүү, эркин жана өнүккөн мамлекет болсун!

Жооп калтыруу